Өтүк кийип... Чехиялык адистер Бишкектеги полигонго барып, кырдаал менен таанышты
Бишкектеги таштанды полигонуна чет элдик адистер баа беришти. Шаардык мэриядан кабарлашкандай, HDT Impex s.r.o. жана ReGreen s.r.o. компаниялар консорциумунун чех эксперттери полигонго барышты.
Президенттин, ошондой эле Бишкек шаарынын мэринин тапшырмасы менен борбор калаанын айланасын ууландырган жана түтүндүн пайда болушуна өбөлгө түзгөн таштанды полигонундагы түтүнгө каршы иштер жүргүзүлүүдө.
"СССР доорунан бери таштандылар полигонго ташылып келет. Ошондон баштап ал күйүп, абаны ууландырууда. Эми ички газдарды локализациялоо үчүн террассалоо ыкмасы менен акыркы жыйынтыкка жеткенге чейин иштер улантылат. Бүгүнкү күндө түтүн 95%га жоюлду", - дешет мэриядан.
Эске салсак, борбор калаанын мэриясы чехиялык HDT Impex s.r.o. жана ReGreen s.r.o. компаниялардын консорциуму менен таштандыларды кайра иштетүү комплексин куруу боюнча биргелешкен инвестициялык долбоорду ишке ашыруу боюнча жол картасына жана кызматташуу ниети тууралуу протоколго кол койгон.