"Балдар үчүн гольф" кайрымдуулук турниринде бир жарым миллион сом чогулду
1757
Гольф боюнча 13-ирет өтүп жаткан "Балдар үчүн гольф" кайрымдуулук турниринде 1 миллион 473 миң 323 сом чогулду. Бул тууралуу Help The Children SKD кайрымдуулук фондунан билдиришти.
Каражаттын негизги бөлүгүн (940 миң сом) өнөктөш ишканалар которгон. Меймандар да жеке салымдарын кошушкан.
slide 2 of 7
Чогулган бардык каражаттар балдардын онкогематология бөлүмү үчүн инклюзивдик аянтчаны курууга жумшалат.
slide 2 of 4
Жалпысынан балдар аянтчасын курууга 3,5 миллион сом керектелет. Калган сумманы чогултууга каалаган каалоочулар салым кошуп, "Элсом" фондуна которсо болот: 0508 103 103, 0509 103 103.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://wws.kaktus.media/13116